Пример HTML-страницы

ОшТУда активдүү студенттер үчүн бизнес тууралуу тренинг өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде студенттер үчүн тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл аралык бөлүм университеттин технопаркы жана бизнес-инкубатору менен биргеликте активдүү студенттер үчүн «Step by step» («Кадам сайын кадам») аттуу тренинг уюштурду. Тренингди илимий иштер жана инновация боюнча проректор, профессор Н.Т.Танаков ачып, башталган иштерге ийгиликтерди каалады.

ОшТУнун технопаркынын жетекчиси, доцент Н.Калдыбаев «Концептуальные основы трансформации ОшТУ», «Университет и перспективы развития инновационной деятельности» аттуу темада баяндама жасап, университетте окуган студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө токтолду.

Мындан сырткары ОшМУнун бизнес паркынын директору, доцент Э.Камалов «Кыргызстандагы бизнес-инкубаторлордун өнүгүү келечеги» аттуу темада өз баяндамасын окуп, Кыргызстан жаштарынын келечекке карай өнүгүүгө карай багыт алуусунда бизнестин ролу тууралуу маалыматтарды берди.

Ош шаарынын ишкердикти колдоо борборунун ага консультанты С.Рахманов «Дизайн мышление (способы правильно выбрать свое направление)» аттуу темада, эл аралык бөлүмдүн адиси М.Улукбек кызы «Стартап жана бизнес-идея деген эмне?» аттуу темада мазмундуу баяндамаларды жасашты.

Иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында окуу менен бирге өз идеяларын ишке ашырып, бизнес жаатында өз багытын туура тандап, келечекке мыкты даярдык менен барууга багыттоо болуп саналат. Тренингде кызыктуу талкуулар жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жыйынтыгында келген конокторго ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE