Пример HTML-страницы

Ошто Матраимовдордун үйүнүн жанындагы тосмонун калдыктары толугу менен алынды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна тиешелүү болгон жердеги тосмолордун калдыктарын бузуу иштери жүрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов билдиргендей, дарбазалар толугу менен алынып, азыркы күндө дубалдар боюнча документтерди тактоо иштери жүрүүдө.

«Жер ресурстары кызматынын Ош шаары боюнча филиалына («Кадастр») тапшырма берилди. Азыркы күндө документтерди тактоо иштери жүрүп жатат. Жумуш күндөрү документтерди такташат.

Азыр топографиялык съемкасын жасап, деталдык планын даярдоо иштери жүрүүдө. Балким, кандайдыр бир документтери болуп калышы мүмкүн. Ошого окшошкон маселелерди тактап жатышат.

Анан комиссия түзүлөт. Эгер бардык документтерди тактап алгандан кийин бузуу иштерине тараптар каршы болуп, сотко кайрылбаса, бузуп коюуга болот. Эгер сотко кайрылса, иштер токтоп турушу мүмкүн», — деди А.Пирматов.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Адилет Мокеевдин айтымында, иш күндөрү документтерди тактоо иштери жүрөт.

«Дүйшөмбүдө архивдеги документтерди карап, жерине барып, топографиялык съемкаларды жасап көрөбүз. Андан кийин дубалдар канча чыгып кеткени белгилүү болот», — деди А.Мокеев.

Ош шаарында «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна тиешелүү болгон жердеги тосмолор алынган болчу.

Аталган аймактагы тар көчөнүн бир тарабында Матраимовдордун үйү, экинчи тарабында «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имараты жайгашкан. Алардын ортосундагы жер тилке эки тарабынан тосулган.

2019-жылы Ош шаардык мэриясы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жолу мыйзамсыз тосулганын билдирген. Борборго тиешелүү жер 10 жылдай пайдаланылып келгени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE