Пример HTML-страницы

Ошто чоң жолдун четиндеги музду күрөк менен тазалап жатышат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Алишер Навои көчөсүндөгү Достук көпүрөсүндө тоңгон музду техниканын жардамысыз калак менен тазалап жатышат.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалыматы боюнча, аталган даректе ондой кызматкер иштеп жатканын көрүүгө болот. Тазалоо иштери унаа жүргөн чоң жолдо жүрүп жатат. Бирок ал жерде коопсуздук эрежелери каралган эмес. Кызматкерлер көпүрөнү муздан тазалоо тапшырмасы берилгенин айтышты.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов көпүрө муз болуп калгандыктан айрым жерлерди кызматкерлер шаймандар менен тазалоого мажбур болуп жатканын билдирди.

«Муз болуп калганда атайын техникалар жолдун четтерин кырып, тазалай албайт. Лом менен талкалап, андан кийин унаа сүрүп коет. Көпүрө тайгалак болуп калса, жол кайгуул кызматынан бизге айып пул келет. «Эмнеге туз сеппей жатасыңар?» дешет. Ошондуктан кызматкерлер жолдордун четин атайын шаймандар менен тазалап жатышат», — деди Исмаилов.

Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолдорду өз убагында тазалоо боюнча кайрылуулар жазылган.

«Ош шаарындагы №21 жол тейлөө мекемеси жолду жакшы тазалабай койгону үчүн протокол түзүлүп, 13 миң сом айып пул салынды. Ал эми кызматкерлер жолду тазалап жаткан учурда биз тараптан коопсуздугун сактоого көмөк көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE