Пример HTML-страницы

Ош шаарында тез тамактануучу жайды жалын каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-июнда Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыкты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 11:55те Ош шаардык 13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:06да Ош шаардык 13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:06да Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм жана саат 11:54тө штаб тартылды.

Такталган маалымат боюнча, Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Дамак» тез тамактануучу жайдын имаратынан чыккан өрт саат 12:39да чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE