Пример HTML-страницы

Ош шаарында 101 розанын баасы 20 миң сомго чейин чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаз айына жана майрамдарга карата Ош шаарында гүлдестелердин баасы өсүп, бир түп гүлдүн баасы 200 сомго чейин көтөрүлдү.

Гул сатуучу Минавар Аташова быйыл башка жылдарга салыштырмалуу жоогазын гүлү кымбат экенин айтат.

«Голландия жоогазыны чоң, жергиликтүү жоогазындар майда болот. Голландия жоогазындын даанасы 120-180 сомго чейин болууда, ал эми Голландия розасынын даанасы 200 сомду түзөт.

Жергиликтүү жоогазындар 80-100 сомдон, бул гүлдөрдү көбүнчө жаштар алат. Топтоштурулган гүлдестелер да быйыл кымбат болууда. 350 сомго мурда гүлдесте (букет) жасасак, быйыл жасабай жатабыз. Ошондой эле бул жердин ээси башка болгондуктан бизге сатып бергенибизге айлык чыгарат. Бааны ошолор бекитет», — деди ал.

— 50 Голландия жоогазыны — 7500 сом (даанасы 150 сом);

— 50 Голландия розасы — 10 миң сом (даанасы 200 сом);

— 101 Голландия розасы — 20 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE