Пример HTML-страницы

Ош шаарынан Нарынга 1 миң түп көчөт белек катары тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынан Нарын шаарына 1 миң түп көчөт белек катары берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынан 1000 түп чара, «ясень», «клёндун» көчөттөрү келди. Мындай өнөктүк эки шаар ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана достук кызматташтык арттыруу максатында ишке ашырылган. Көчөттөрдү Ош шаардык жашылдандыруу, көрктөндүрүү чарба комбинатынын башчысынын орун басары Асанбек Мамырайымов келип тапшырды. Нарын шаарынын климатына ылайыкташкан бак-дарактардын көчөттөрү алынып келинген.

«Бир аз да болсо өлкө аймагын көрктөндүрүп, өсүмдүк дүйнөсүн кеңейтүүгө бир аз да болсо салым кошо плабыз деген ойдо көчөттөрдү белек катары алып келдик. Ош шаарында бактардын түрү көп. Биз Нарындын климатына карап туруктуу өсүп кете турчу бак-дарактардын көчөттөрүн алып келдик», — деди Ош шаардык жашылдандыруу, көрктөндүрүү чарба комбинатынын башчысынын орун басары Асанбек Мамырайымов.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин айтымында, көчөттөр мектеп, бала бакча, көп кабаттуу үйлөрдүн астына отургузулат.

«Бизге көчөттөн жардам бериңиздер деп кайрылдык эле мына минтип 1000 түп көчөт белекке берип жатышат. Бул көчөттөр мектеп, бала бакчаларга жана көп кабаттуу үйлөрдүн астына тигүүгө сурап жатышат. Буйруса ошолорго бөлүнүп берилет», — деди Тутуев.

Нарын шаардык мэриясы жана жергиликтүү кеңештин атынан Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык жашылдандыруу ишканасына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE