Пример HTML-страницы

Нарын шаарында кумшекердин баасы 110 сомго көтөрүлүп, элдин нааразычылыгын жаратты (толукталды)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарындагы тургундар базардагы баага көзөмөл болбой жаткандыгын айтып, нааразы болушууда. Алардын бири Сайкал Жаркынбаева шекер 105 сомдон, кээ бир дүкөндөрдө 110 сомдон сатылып жатканын айтты.

«Мен бүгүн базарга соода кылганы келип, оозум ачылды. Жогорку Кеңештен шекердин баасы 70-80 сомдон эле болот деп жатышкан. Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы базарда шекер 105-110 сомдон сатылып жатат. Айла жоктон алдык. Андан башка дагы азык-түлүк баалары көтөрүлүп жатыптыр. Деги бул жагын көзөмөлдөгөн орган барбы? Өткөндө 100 сомго чыкканда дагы эч ким унчуккан жок. Сатылып жатты. Күндөн күнгө азык-түлүк кымбаттап жатат. Эл кыйналып кетти», — деди ал.

Дүкөн ээлери дүң баада кымбат алып келип жатышканын айтышууда.

Кийинчирээк Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселени тактоо үчүн аталган түзүмдүн Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери жерине барып, мониторинг жүргүзүшкөн. Анда 1 кг кумшекердин чекене баасы 93 сомдон 100 сомго чейин, орточо баасы баасы 96,5 сом экени аныкталган.

Ал эми шекерди 110 сомдон сатып жатат деген соодагерге түшүндүрүү иштери жүргөн. Анын натыйжасында канттын баасы 100 сомго чейин арзандаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE