Пример HTML-страницы

Маймак айылынын аталышы адамдарды оорудан айыктарган дарыгердин ысымынан коюлган

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Маймак айылы 1920-жылы негизделген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айылда Маймак булак мазары бар. Илгери Маймак деген дарыгер болуп, ал айылдагы булактын боюнда жашаган. Эл ар кандай кеселдин айынан ага тынбай каттап, дарыгердин көзү өткөндөн кийин да аталган булакка бара жаткан эл «Маймак атага баратабыз» деп жүрүп, булак Маймак-Ата аталып калган. Дарыгердин өзүнүн сөөгү дагы ошол жерге коюлганы айтылат.

Аталган мазар тууралуу макала жарыялаган Атакан Чоткараев Маймак-Ата мазарынын аймагы бир кезде токой болгондугун жазган. Анда бул өзөндү жапайы канаттуулар, айбанаттар мекендегенин, Ажыбек датканын баласы жолдоштору менен куш салып, токойго барганда каман чалып кеткендигин, каманды Отор мерген атып жок кылып, сыйлык катары даткадан Маймак-Атадагы жер-сууну алгандыгы айтылат. Ошондой эле, 1928-1929-жылдары байлар кулакка кеткенде Маймак-Ата жана анын тегерегиндеги жерлер советтик бийликке өткөндүгүн баяндаган.

Айылда 700гө жакынжашоочу бар. Арасында казак улутунун өкүлдөрү да бар. Айылдын эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана жана мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE