Пример HTML-страницы

Кыргызстандагы эң чоң токой чарбада кызматтык унаа жок

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкө боюнча эң чоң Баткен токой чарбасында бир да кызматтык унаа жок.

Баткен токой чарба башкармалыгынын башчысы Бактияр Козубаевдин айтымында, унаа жоктугунан чек ара аймактарында кыйынчылык жаралат. Анткени токой чарбанын жерлери 2 анклав менен чектеш аймакта.

«Баткен токой чарбасы Кыргызстан боюнча көлөмү эң чоң токой чарба. Аянты 162410 гектарды түзөт. Мында 40 кызматкер иштейт . Алар тоолорго унаа жоктугунан менчик унаалар менен кээде ат менен барышат. Анткени бизде кызматтык унаа жок. Мурда берилген «Нива» унаабыз экиге бөлүнүп жатат.

Унаанын жоктугунан чек арадагы аймактарга барууда кыйынчылыктар болот. Мына жаз келип жайыт маселелер башталат. Ыкчам иштерди алып барууда унаа керек да. Акыркы 4 жыл мурда «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа берилген. Ал чоң болгондуктан күйүүчү майды көп жейт. Учурда май кымбаттагандыктан аны айдаган актабайт. Ал иштетилбей турат. Азыр чек ара аймак катары эске алып унаа берилер деп үмүттөнүп турабыз», — деди Козубаев.

Баткен токой чарбасынын аймагы Өзбекстандын Сох жана Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE