Пример HTML-страницы

Кошуна мамлекеттин 2 жараны кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ош облусунун аймагында жайгашкан калктуу конуштарда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн кайгуулдарды уюштуруп, кызматкерлер бөлүнгөн тилкелерде иш алып барууда. Бул иш-чара 21-апрелден 13-майга чейин уланат.

Милициянын маалыматы боюнча, кайгуул-күзөт иштерине Ош ОИИБдин борбордук аппаратынын, ИИМдин атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин №703 аскер бөлүгүнүн жана ИИМдин Ош ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды.

  • Аталган иш-чаранын максаты алдыда келе жаткан май айындагы майрамдарды өткөрүүдө Ош облусунун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо кызматкерлер тарабынан калк арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо, ошондой эле, бөгөт коюу болуп саналат.

«Милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды алып барышат. Иш-чаранын жүрүшүндѳ милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан изи сууй электе алдамчылык боюнча 4 кылмыш ишинин бети ачылып жана кылмышка шектүү катары кошуна мамлекеттин 2 жараны кармалды. Бул кылмышка шектүүлѳр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпысынан 30 миң сомго жакын зыян келтиришкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергѳѳ амалдары улантылууда.

21-апрелден 28-апрелге чейинки мезгилде 225 кылмыш катталып, 178 кылмыштын бети ачылган. 9 кылмыш изи сууй электе ачылган. Милиция кызматкерлери тарабынан укук бузуулар боюнча 1 миң 234 протокол түзүлгѳн. Кѳчмѳ кабылдама автоунаалары менен атайын графиктин негизинде 40 жолу алыскы айылдарга чыгуулар уюштурулган. Кѳчмѳ кабылдамага 105 жаран ар түрдүү маселе боюнча кайрылып, жарандардан 68 арыз кабыл алынган. Анын ичинен 43 арыз жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарына жѳнѳтүлгѳн. Ал эми 15 арыз райондук админстрацияларга тапшырылган. 43 жаранга юридикалык жардам кѳрсѳтүлгѳн.

Жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн 2 миң 161 административдик протокол түзүлгѳн. Алардын ичинен мас абалда автоунаа айдап жүргѳндүгү үчүн 12 айдоочу кармалган. Тийиштүү документтери жок болгондуктан 35 автоунаа айып короого киргизилген. 8 автоунаа кырсыгы катталган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE