Пример HTML-страницы

Кочкордун Кум-Дөбө айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Кум-Дөбө айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Имараттын ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.

Маалым болгондой, Кум-Дөбө айылында 2022-жылы оорукананын эски имараты бузулуп, анын ордуна үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын курууга кошумча 0,05 га жер бөлүнүп берилген.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты чет элдик демөөрчү тарабынан 3 млн сомго каржыланып салынды. Ал эми Кум-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 300 миң сом бөлүнүп, 290 миң сомго тендер жарыяланып, оорукананын тегереги тосулган. Ошондой эле, алдына таштаман төшөлгөн.

Кум-Дөбө №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 2 дарыгер, 4 медайым, 1 лаборант жана 1 кароолчу иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE