Пример HTML-страницы

Кеминде 1 ай мурун жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин шаарында 1 ай мурун жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-февраль күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында Кемин шаарынын Жибек-Жолу жана Абдубачаева көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу ак түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен жөө келе жаткан 1982-жылы туулган А.М.А. жана 2020-жылы туулган Ж.А.Эны сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Алар Кемин шаарынын ооруканасына кайрылышкан.

Ошо күндөн баштап айдоочусу изделип жаткан. 14-март күнү жол кырсыгына шектүү катары 1961-жылы туулган К.С.Д. атуу жаран кармалып, унаасы убактылуу кармоочу жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE