Пример HTML-страницы

Кара-Суу районунда жүргүнчү ташыган таксисттердин тизмеси такталып жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush26-январь күнү Ош шаарында башка райондорго каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Өмүралиев, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, жол тейлөө ишканаларынын жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун жетекчилеринин катышуусунда Кара-Суу шаарында жайгашкан автобекеттерде жана Кара-Суу шаарынын аймагынан Бишкек, Куршаб, Өзгөн, Ноокат, Жалал-Абад, Кербен, Ала-Бука, Баткен, Кызыл-Кыя жана Кадамжайга жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Адам өмүрү барынан кымбат» аталышындагы жолугушуу өткөрүлдү. Айдоочуларга алыскы жолго чыкканда өз убагында эс алуу, автоунаалардын техникалык абалына көңүл буруп, жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда Кара-Суу шаарына ар кайсы аймактардан базарга келген автоунаалардын саны өсүүдө. Кара-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустардын, жеке менчик такси кызматы менен алектенген жана жүк ташыган айдоочулардын тизмеси такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE