Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада дүкөндөгү сумкадан 65 000 сом уурдалган. Шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 28-январь күнү Кара-Кулжа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү — Кара-Кулжа районунун буга чейин бир канча жолу соттолгон тургуну, 30 жаштагы А. уулу С. колго түштү.

Кара-Кулжа районунун 44 жаштагы тургуну Ш.К. 2023-жылдын 24-январында болжол менен саат 13:30 чамасында Кара-Кулжа айылында жайгашкан соода дүкөндөрдүн биринде турган сумканын ичинен 65000 сом акча каражатын, «Самсунг J7» үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун, 2 даана ID жарандык паспорту жана банк картасын белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт Кара-Кулжа РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары аяктап, соттук кароого жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE