Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө жайкы лагерден кайткан 4 окуучу оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «Кайыңды» жайкы лагеринен эс алуудан кайткан 4 бала ооруканага түшкөн.

Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан Turmush басылмасына билдиришкендей, тамактан уулануу болгон эмес. Алардын экөө 11-августта, дагы экөө 12-августта ооруканага кайрылып, лагерден ооруп калганын айтышкан.

Дарыгерлердин айтымында, алгач окуучулардын төртөө тең оор абалда келген. Алардын ичи өтүп, дене табы көтөрүлүп, оозу кургап кеткен.

Ооруканага кайрылган окуучулар:

— 2010-жылы туулган С.З. (эркек бала) 9-августта ооруп баштаган, ооруканага 11-августта түшкөн;

— 2008-жылы туулган А.Л. (кыз) 10-августта ооруп баштаган, 11-августта ооруканага түшкөн;

— 2013-жылы туулган Т.А. (кыз) 9-августта ооруп баштаган, ооруканага 10-августта кайрылган. Ал алгач үйүндө дарыланып, бирок оң жыйынтык болгон эмес;

— 2014-жылы туулган К.Э. (эркек бала) 11-августта ооруп баштаган, 12-августта ооруканага түшкөн.

«Алардын үчөөнө дизентерия [жоон ичгеи жабыркап, ич өтүп, дене ууланат] диагнозу коюлуп, бирок лабораториядан тастыкталган жок. Санэпидемстанциядан анализин текшерткенде эч нерсе чыккан жок. Ал эми алардын бирине курч гастроэтероколит [карын, ичке жана жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу] деген диагноз коюлуп, бирок лабороториялык анализден эч нерсе чыккан эмес. Үчөө жакшы болуп, ооруканадан чыгып кетишти. Учурда бирөө дарыланып жатат, абалы жакшы», — деп айтылат оорукананын маалыматында.

Ал эми шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Гүлмира Сатарова: «Кайыңды» жайкы эс борбору быйыл 4 агым менен балдарды кабыл алды. Төртүнчү агым менен 154 бала 3-августтан 10-августка чейин эс алган. Лагерден келгенден кийин шаардык ооруканага 4 бала түшкөн экен. Бирок алардын ооруп калышынын себеби лагердин тамак-ашына байланышпайт деп эсептейм. Себеби 154 баладан эс алуу учурунда эч ким ооруган эмес. Алар келгенден кийин ооруганын билдиришкен. Лагерде медайым балдарды көзөмөлдөп, карап турган. Ал жерде ооруган фактылар катталган эмес. Төртүнчү агымдын жыйынтыктоочу иш-чарасына өзүм катышкам. Мындай көйгөйлөр айтылып, кайрылгандар болгон эмес», — деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE