Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө Украинада каза болгон 23 жаштагы Байжигит акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushУкраинада каза болгон 23 жаштагы Байжигит Юсупбаевдин сөөгү кечээ, 28-майда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына алынып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маркумдун жакындарынын айтымында, анын сөөгү алгач Украинадан Россиянын Ростов-на-Дону шаарына жеткирилген. Ал жерден аскердик борд менен Москва шаарына, андан кийин Бишкек шаарына, ал жерден Канттагы аскердик базанын тик учагы менен Кара-Көл шаарына алынып келди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Канттагы аскердик базанын командирлери да катышты.

Байжигит Юсупбаев 2000-жылы Россиянын Ханты-Мансийск автономдук округунун Нягань шаарында төрөлгөн, Россиянын жараны. 8 айынан баштап чоң атасы-чоң апасынын колунда, тактап айтканда Кара-Көл шаарына караган Чоң-Таш айылында чоңойгон. Ал Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназияда 1-класстан баштап окуп, 9-классты аяктаган соң №89 кесиптик лицейди бүтүргөн.

Ал 19 жашында Россияга чакыруу менен аскердик кызмат өтөөгө кеткен, Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн. Ал экинчи жолу келишим менен аскердик кызмат өтөөгө барганда Украинада каза болду. Көз жумгандан кийин «Эрдик үчүн» медалы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE