Пример HTML-страницы

Э.Исмаилов каттоого алынганда гана кайда барып келгенин билген

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын тургуну Эшимкул Исмаилов 1986-жылы Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюу иштерине катышкан. Ал Чернобылга кантип барып калганын айтып берди.

«1957-жылы 23-сентябрда туулгам. Чернобылда атомдук электр станциясындагы жарылуу болгондо 30 жашта болчумун. Армиядан келип, үйлөнгөн убагым эле. Бул жакка 1989-жылы апрель айында барып калдым. Кадимкидей эле аскердик комиссариатка чакырышты. Бирок бизге Чернобыль апаатына барасыңар деген жок. Арменияда жер титирөө болуп, ошол жакка барганга бригада чогултулган. Бирок биз ал жакка барбай, Чернобылдын өзүнө кабылып калдык. Баргандан соң, бир айдан кийин атомдук электр станциясынын жарылган объектисинде иштедим. Ал кезде уу, радиация деген эмне экенин билбей иштедик. Кадимкидей тазалоо иштерин жасадык. 5,5 ай жүрүп, анын 3 айында иштедим. Бул радиация кылым бою жатат. Азыр бул аймак өлүк аймак деп эсептелет.

Биз 1990-жылы кайтып келгенде Михаил Горбачёв Чернобыль апаатына катышкандарды каттоого алгыла деп буйрук чыгарган. Биз ошондо гана кандай ууланганыбызды, дартка чалдыкканыбызды билдик. Ага чейин билбей, ойноп-күлүп иштеп келген экенбиз. Ошондо 1986-1989-жылдар аралыгында Нарын шаарынан 42 бала барыптырбыз. Кийин 1994-жылы баргандардын асты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектеле баштады. Бул радиация кайсы органдары жабыркатып жатканы билинбей эле акырындык менен ден соолукту начарлата берет экен. Тазалап жүргөндө каза болуп калгандарды билбейт экенмин. Ал убакта сөз чыкчу эмес. Каза болгондор катталса дагы жашыруун болуп, элге айтылбайт эле», — деди Эшимкул Исмаилов.

Каарманыбыз Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын алган пенсия, жөлөк пулу аз экенин айтты.

«Азыр 6,5 миң сом пенсия, 7 миң сом жөлөк пул алам. Бул каражат биз үчүн, Чернобыль апаатына барып келгендер үчүн аздык кылат. Себеби, биздин ичкен дарыбызга эле айына 5-6 миң сом кетет. Андан сырткары үй-бүлөбүз бар. Аларды караш керек дегендей.

Ошентип 36 жылдан бери Нарын шаарында жашап келе жатабыз. Чернобылдагы жарылуунун кесепетин жоюуга баргандар унутулуп бара жатат деп айтсам болот. Азыр гуманитардык жардам берилбейт, башка убакта эске алынбайбыз. 26-апрель күнү гана эстелет. Бул күнү куттуктоо айтып, маани берип койгондоруна ыраазыбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE