Пример HTML-страницы

Чүйдө 2 унаа кагышып, 5 адам жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красноречка айылындагы айланма жолдо 2 жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Ал эми Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай кырсык саат 17:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 38-чакырымында болгон.

«Анда «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатканда Кеңеш айылына бурулуштан «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа солго чыга калган. Айдоочулардын биринин айтуусу боюнча, экөө тең бир багытта келе жатып, жогоруда айтылган бурулуштан «Ниссан» солго бурула калган. Натыйжада 5 жүргөнчү жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE