Пример HTML-страницы

Бишкекте өткөн эл аралык турнирде Оштун 5 боксчусу олжолуу орунга ээ болушту

Акыркы жанылыктар

Turmush25-29-май күндөрү Бишкек шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында салттуу эл аралык турнир өттү. Бул турнирге Ош шаарынан 11 мушкер катышты.

Ош шаарынын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Турдалы Оморовдун айтымында, 60 кг салмакта 1-орунду Сейитбек уулу Мунарбек, 67 кг салмакта Нурсаид Иминжанов 1-орунду багындырды. Турнирдин күмүш медалын 60 кг салмакта Азизбек уулу Баяман жана 63,5 кг салмакта Жантөрө Ташиев тагынса, 63,5 кг салмактагы Мирзахит Имамназаров 3-орунга ээ болду.

Машыктыруучулар штабы белгилегендей, Ош шаарынын мушкерлери мындай көрсөткүчкө биринчи жолу жетишти.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан келген спортчулар катышкан мелдеш эркектер арасында 13, кыз-келиндер арасында 12 салмакта өттү. Аталган турнир өлкөбүздө 40 жылдан ашуун убакыттан бери өткөрүлүп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE