Пример HTML-страницы

Беловодск айылында 3 сааттык бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-апрелде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде райондогу «Таң нуру» балдар чыгармачылык борборунун базасында 3 сааттык бала бакча уюштурулду.

Бала бакчанын ачылыш аземине райондун акиминин орун басары Мунара Мамаджанова, айыл өкмөт башчысы Искендер Өскөмбаев, тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуу негиздерин чыңдоо» чакан компоненти боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында республика боюнча 560 бала бакча ишке керсе, алардын тизмесине Москва районунда 16 бала бакча кирген. Алардын ичинен 13 бала бакчада оңдоо-түзөө иштери бүтүп, эмеректер жана оюнчуктар менен камсыздалды.

Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Төлөк айыл аймагына караштуу Спартак айылында алгачкылардан болуп 3 сааттык бала ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE