Пример HTML-страницы

Баткендеги Кожоашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштери токтоп калды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Апкан айылындагы Кожоашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштери токтоп турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында башталган Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында Кожоашкан дарыясынын оң тарабын бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Анда 350 метр аралыкта коргоо тосмосунун курулуш иштери кызуу башталган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, план боюнча август айында бүткөрүлүүчү бул долбоор дарыяга суу көбөйгөнүнө байланыштуу убактылуу токтоп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, дарыя жээгин бекемдөө иштери аягына чыкса, натыйжада 307 турак үй жана 27 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты коргоого алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE