Пример HTML-страницы

Баткендеги айылда музей ачылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айылында 40 жыл мурда демилгеленген музейдин имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, айылдын тургуну Сайдакпар Абдыганиевдин демилгеси менен айыл тургундары тарыхый табылгаларды сактоо үчүн 40 жыл мурда мектеп музейи түзүлгөн. Кийинчерээк ал элдик музей деп аталган. Азыр дээрлик 3 миңдей экспонаттары бар музей район аймагындагы ири тарыхый музей катары таанымал. Андагы табылгалар, маданий маалыматтардын көпчүлүгү ушул Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөрү, Ак-Төбө сыяктуу тарыхый жерлерден табылган. Бул аймактарга орус окумуштуусу Баруздин баштаган бир канча изилдөөчүлөр келип, атайын илимий иликтөөлөрдү өткөрүшкөн. Алардын эмгеги менен мумияланган кыздын сөөгү табылып Ленинграддагы тарых музейине коюлган. Айылдык музейде 2885 экспонат бар. Анын ичинде эң байыркы экспонаттар ll-кылымга таандык болуп саналат.

«Бул музейдин кандай кыйынчылыктар менен жаралганы айыл тургундарына белгилүү. Башта мектептин музейи катары башталып, кароосуз калган имараттан, урап түшөр алдында темир контейнерге көчтүк. Айтор айылдын тарыхын камтыган акчага алмашкыс табылгаларды таштап коюу мүмкүн эмес эле. Мына азыр ушул музей ачуу демилгесине 40 жыл болду. Бул жылдар аралыгында жаман да көрүнүп жүрдүк. Эмнеге Кара-Булакка куруш керек деген ойлор көп айтылды.

Бул айыл 18 кылым тарыхы бар айыл. Аймак тарыхка бай. Буга чейин бир канча орус окумуштуулар келип изилдеп кеткен. Дагы тарыхы ачылбай калган жерлер көп. Бул айылга музейден сырткары, тарыхый сквер куруу демилгесин көтөргөнүбүзгө 20 жылдан ашты. Анткени Ак-Төбө жерлигинде көптөгөн экспонаттар табылып, ал жердин тарыхы чоң.

Бизде туризмди өнүктүрүү деп айтып жатабыз. Ушул аймакка баатырдын айкели тургузулуп, айланасына зыяратчылар үчүн аянтча курсак, туристтер бизге агылып келет. Анткени бизде айгүл гүлү бар. Аны менен кошо биздеги табияты өзүнө тартып турган кооз жерлер бар. Биз бул долбоордун эскизин 26 жыл мурда эле даярдап, айылдык, райондук бийликтин уруксатын алганбыз. Бирок колдоо таппай келет. Бул музейдин курулганы да айылыбыздын тарыхын бекемдеп, келерки келечекке дагы да тарыхын билүүгө өбөлгө болот», — деди музейдин жетекчиси Сайдакпар Абдыганиев.

Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом жумшалды.

Кара-Булак айылында биздин замандын II-IV кылымдарына таандык Мыктым-Гөрү көрүстөнү казылган. Анда мумияланган келиндин табыты табылган. Ал Бишкектеги улуттук музейге коюлуп, бирок жергиликтүүлөрдүн өтүнүчү менен кайра айылга алынып келинип көмүлгөн.

— — — — —

1956-жылдан бери Бишкектеги тарых музейинде сакталып келген мумия 14-октябрда Баткен районунун Кара-Булак айылында кайрадан жерге көмүлгөн.

Көмүлгөн мумия

Кара-Булак айыл аймагынын башчысы Ачылбек Бекташевдин айтымында, мумия таңкы саат 6:00 чамасында айылга алынып келинип, элеттин Мыктым-Гөр аймагында жерге берилген. Аны көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окумуштуулар катышкан.

  • Адистер мумия 4-5-кылымдарга таандык экендигин билдиришкен.

Мумия көмүлгөнгө чейин 2015-жылдын 1-июлунда Бишкектеги маалымат жыйында публицист Мелис Арып-Бек медиумдар менен коомдук ишмерлер эгер Тарых музейинде сакталып турган байыркы мумия кайра көмүлбөсө Кыргызстанда катаклизмдер болорун айтып жатышкандыгын билдирген.

Анын айтымында, СССР учурунда 1955-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылынан аял менен эркектин мумиясы казылып алынган.

«Аял фараон Аманхотептин жубайы Анфиса болгон. Ал баткендик ханыша болчу. Аны казып алган археологдор менен окумуштуулар мурун эле ар кандай кырсыктардан каза болушкан. Биздин археологдор, окумуштуулар өздөрүнүн ишин улантып жатышат. Алар ушуну менен өздөрүнүн жетишкендиктерин коргоп жатышса керек. Азыр окумуштуулар Японияда гана кылса боло турган генетикалык жана антропологиялык экспертизаларды өткөрүүнү сунуштап жатышат. Бирок алар анын каалоосу менен эсептешпей жатат. Ал көмүлгөндөн кийин гана Кыргызстанда тынчтык болот», — деген ал.

Мелис Арып-Бек эгер мумия-ханышанын каалоосу аткарылбаса жаңы катаклизмдер, жаратылыш кырсыктары болуп, көп адамдар каза болорун айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE