Пример HTML-страницы

Баткенде мугалимдер арасында интеллектуалдык таймаш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында мугалимдер арасында билим таймашы өттү. Иш-чара 4-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде «Билерман мугалим» аттуу акыл таймашына мектептеги ар бир метод бирикмеден төрттөн мугалим бир команда болуп, жалпы 7 команда катышты. Командалар кыргыз тили, Баткен, логика, тарых жана компьютер категориясы боюнча түзүлгөн суроолорго жооп беришти.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында «Квант» усулдук бирикмеси 1-орунду алды. Жеңүүчү жана катышуучу командаларга уюштуруучулар тарабынан грамоталар жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE