Пример HTML-страницы

Баткен шаарында «Жылдын мыкты мугалими 2022» сынагы өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы В.Ленин атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими 2022» шаардык сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка шаардык 7 мектептен тандалып келген мугалимдер катышты.

Алар:

— Алдашова Канат — Кызыл-Жол орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

— Топчубаева Гүлбурак – В.И.Ленин атындагы орто мектебинин информатика мугалими;

— Рахматилла кызы Айзирек — А.Имаров-Кызыл топу атындагы N3-орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

— Ысманова Санавархан — С.Айтматов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

— Максытова Айнура — Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин физика мугалими;

— Жанибеков Эрдөөлөт — Садака Огата атындагы орто мектебинин тарых мугалими;

— Рыскулов Мунарбек — Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалим.

Сынактын 1-бөлүгүндө мугалимдер өз предметтери боюнча тест тапшырып, алардын компьютерде иштөө жөндөмдүүлүгү каралды. Ошондой эле мугалимдер тарабынан жасалган түрдүү форматтагы китептердин жасалгасы, сапаты, китеп аркылуу предметти чагылдырып берүүсү жана даярдалган методикалык сунуштары аркылуу бааланды. Ал эми сынактын экинчи бөлүгүндө мугалимдер мамлекеттик стандартка ылайык ачык сааттарын өтүп, өзүн-өзү тааныштыруу боюнча педагогикалык чеберчилигин көрсөтүштү.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Максытова Айнура жетишип, 1-даражадагы диплом жана кир жуугуч машина менен сыйланды.

— 2-орун — Ысманова Санавархан ээ болуп, шаардык профсоюз комитетинин Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомосун жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2-даражадагы диплом.

— 3-орун — Рахматилла кызы Айзирек 3-даражадагы диплом жана микро толкундуу электр мешке ээ болду.

Сынакка активдүү катышып, педагогикалык чеберчиликтерин көрсөткөн мугалимдер шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана шаардык профсоюз комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE