Пример HTML-страницы

Баатыр эне Назира Чокморова жолдошу менен бир жолу көрүшүп эле баш кошкон

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кеңеш айылынын 43 жаштагы тургуну Назира Чокморова айылдагы эң жаш баатыр эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Жон-Арык айылында туулган. 2000-жылы турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүз таанышып, сүйлөшүп деле үйлөнгөн жокпуз. Баш кошконго чейин бир жолу жолуктурушкан. Мен көңүл деле бурбай, бирок көңүлүн калтырбайын деп таанышып койгом. Андан соң эле бир эжебиз себепчи болуп, турмуш курдук. Азыр эстеп «Сага жагынайын деген эмесмин. Кантип жактырып калдың?» деп күлүп калам. Үй-бүлө болгондон кийин анан сүйүү, сый өзү эле курулат экен.

Кичинекей кезимден эле 2 кыз, 2 уул болсо деп эле ойлой берчүмүн. Өзүм 5 кыз 2 эркек бир тууганбыз. Жолдошум болсо 3 эркек 4 кыз бир тууган. Өзүбүздүн балдарыбыз дагы 4 кыз, 3 эркек болду. 2 уулубуз, 1 кызыбыз студент. Бир уулубуз Москвада иштеп жатат. Кызыбыз Казакстанда эл аралык университетте окуйт.

Бардык уул-кыздарыбыз аракеттенип, бизди сыймыктандырып жатышат. 1 жыл мурун Ысык-Көлгө балдарыбыз менен эс алууга бардык эле. Анда кайын эжемдин да балдары, өзүмдүн сиңдилерим да бар эле. Көп бала менен барып келгенибиз эле эсимден кетпейт. Ошондо көптөр көрүп алып, «баары сиздикиби?» деп күлүшкөн. Бирөөсү бир аттракционду көрсөтсө баары ошого түшөбүз деп чуркашат. Акырында алыбыз да, акчабыз да жок араң үйгө жеткенбиз. Ошондо дагы өжөрлөнүп, балдарыбыз көрсүн деп жыл сайын салтка айлантып, башка жакка барып келебиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE