Пример HTML-страницы

Аксынын Кара-Жыгач айыл аймагында тез жардам кызматы иштей баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагында 8 миңден ашык калкты медициналык жактан тейлеген тез жардам кызматы иштей баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталы Ызакановдун айтымында, буга чейин айыл аймакта тез жардам кызматы болгон эмес.

«Кара-Жыгач айыл аймагы — Аксы районунда чоң айыл аймактардын бири. Мындагы алты айылда 8 миңден ашык калк жашайт. Бирок, буга чейин тез жардам кызматы болгон эмес. Мындай көрүнүштөн улам оор абалдагы бейтаптарды ооруканага жекирүүдө айыл тургундарына кыйынчылык жаралып келчү. Азыр үч кызматкерден турган тез жардам бригадасы Кара-Жыгач айыл аймагына кирген алты айылды тейлеп жатат», — деди айыл өкмөт башчы М.Ызаканов.

Мындан сырткары ал айыл аймакка караган алты айыл үчүн бир гана фельдшердик-акушердик пункт иштеп келгенин, ушул тапта Дардак-Дөбө айылында ФАПтын курулушу башталганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE