Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын тоолорунан карышкыр атылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкорлук мергенчилер Ак-Талаа районундагы жылкыларды жеп жүргөн эки карышкырдын бирин атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мергенчи Хабибулло Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Талаа районунда карышкыр күч болуп, жылкыларды, тайларды жеп жатканын айтып, малчылар кайрылышкан. Кочкордо карышкыр атып жүргөн Темирбек Кыдырбаев, Туратбек Мамбетсадыков, Хабибулло Молдобаев, Эсен аттуу төрт мергенчи Ак-Талаанын мергенчилери менен биргеликте карышкыр атууга чыгышкан.

«Ак-Тааланын тоолорунан эки карышкыр көрдүк. Мергенчи Темирбек Кыдырбаев алардын бирин 389 метр аралыктагы алыстыктан атып алды. Экинчи карышкыр качып, кутулуп кетти», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE