Пример HTML-страницы

Ак-талаалык комузчу Калмурат Нурдөөлөтов өз ыктыяры менен согушка аттанып кеткен

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Ак-Кыя айылынан чыккан комузчу жана дастанчы Калмурат Нурдөөлөтов согушка өзү суранып кеткен. Айматык кабарчы анын таржымалын сураштырды.

Ак-Талаа райондук тарых музейинде сакталып турган маалыматтарга караганда, Калмурат Нурдөөлөтов 1902-жылы Ак-Кыя айылынын Ак-Чий аймагында туулган. Ал 5 жашында атасынан ажырап, апасы Бүбүайшанын колунда өсөт. Апасы жамакчы жана кошокчу болгондуктан уулуна көп таасир берет. Калмуратты апасы Мурзакмат аттуу элге таанымал комузчуга берет. Мурзакматтын Ыманалы деген баласы болгон. Ал өзүнүн уулу Ыманалы менен Калмуратка комуз үйрөтүп, элдик дастандар ырдап берчү экен. Ошентип Калмурат Нурдөөлөтов 12 жашынан баштап эле «Курманбек», «Жаныш-Байыш» дастандарын комуздун коштоосунда жатка айта баштайт. Мындан улам эл Калмуратты аш-тойлорго дайыма чакырып, комуз черттиришип, дастан айтырышчу экен.

Жакын агасы Кадыралы Шапак уулунун эскерүүсүндө, Калмурат «Жаныш-Байыш» дастанын айтканда ыйлабаган абышка-кемпир калчу эмес. Үнүнүн мукамдуулугу ушунчалык уккулуктуу эле. Өгүз менен отунга жиберсең баргандан келгенге чейин ырдай берчү. Андан улам, Коргон аймагына отунга барган жаштар Калмуратты кетиришчү эмес. Ал 12 жашка чыкканда апасы Бүбүайшадан ажырап, агасы Кадыралынын колунда калат.

Бир жолу Ат-Башыдан Жолдубай аттуу кызматкер келип, Калмураттын ырларына кызыгып, «муну бийиктикке мен алып чыгам» деп агасынан сурап, алып кетип 1936-жылы Калмуратты ээрчитип барып филармонияга өткөрөт жана жумгалдык Нурзалы деген байдын Субайылда деген кызына үйлөндүрөт.

Калмурат Нурдөөлөтов 1939-жылы искусство чеберлери менен бирге Москвадагы декадасына катышып, Калининдин колунан медаль алган жана айтылуу Анатолий Будённый менен жолугушкандыгын айткан. 1941-жылдын июль айына чейин филармонияда иштеп, согуштун күчөп турган учурунда өз ыктыяры менен согушка аттанат. 1943-жылы колунан жарадар болуп, туулуп өскөн кичи мекенине кайтып келген. Колунан жарадар болгондуктан комуз черте албай калып, филармонияга кайра кайрылып барган эмес. Кичи мекенине кайтып келген соң, айылда башкарма болуп иштеген. 1945-жылдан 1952-жылга чейин колхоздун кампасын жетектеп турган. 1961-жылдын март айында 59 жаш курагында көз жумган. Байбичеси экөө 3 уул, 2 кыздуу болушкан.

Калмурат Нурдөөлөтов элдик дастандарды гана аткарбастан, өзү дагы бир топ чыгармаларды жаратып, комуздун коштоосунда ырдаган. Анын жакшы көрүп ырдаган «Кептеште» деген ыры болгон. Бул ырды элге жеткиликтүү кылып жалгыз гана Муса Баетов ырдаган. Мындан башка «Койчу» деген ыры бар. Ушул чыгармалары гана пластинкага жазылып алынып, калган ырлары, обондору сакталбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE