Пример HTML-страницы

Айгерим 7 айлык баласы, апасы, жолдошу менен кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 28 жаштагы тургуну Жайлообай кызы Айгерим жол кырсыгына учурап, тагдырдын оор сыноосуна кабылды. Учурдагы абалы жана ден соолугу боюнча аймактык кабарчыга айтып берди.

«Өзүм Чоң-Кеминдин Тегирменти айылынан болом. 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Учурда жолдошум, кайненем жана төрт балам менен Балыкчы шаарында жашайм. Улуу балам 7 жашта, экинчи уулум 4 жашта, үчүнчү кызым 2 жашта, анан төртүнчү балам 7 айлык.

2021-жылдын 15-декабрында Чоң-Кемин айылына өзүмдүн апама учурашканы барганбыз. Эртеси апам: “Мени Кемин шаарына ала кеткиле” деп калды. Апамды унаага салып алып, Кемин шаарына чыккан жолдо, тактап айтканда Төрт-Күл айылында жол кырсыгына учурадык. Жолдо музга тайгаланып, чоң бакты сүздүк. Бак биздин үстүбүзгө кулап калган экен. Ошол жерден апам каза болуп калды. Мен эс-учумду жоготуптурмун. Унаада 7 айлык балам, жолдошум, мен, апам төртөөбүз болчубуз. 7 айлык баламдын башы жарака кетип, жандандыруу бөлүмүндө 1 ай жатып чыкты. Балам октябрь айында операция болду. Азыр үйдө, ичегисинен заң чыгара албайт. Кайра январда операция болмок. Бирок башы ооругандыгынан улам операция болбой калды. Жолдошумдун кабыргалары сынып, ооруканада дарыланып чыкты. Мен болсо мээмден жаракат алып, комага түшүптүрмүн. Анан №4 шаардык ооруканасында операция жасашыптыр. Операциядан кийин сол колум менен сол бутум иштебей калды. Оң жамбашым чыгып кетиптир. Оң жаак, ээк сөөк бычыранып сынып кетиптир. Оң жак бетте сөөк жок болчу, көзүм ачылбай калган. Биринчи операциядан кийин 3 ай төшөктө жаттым. Экинчи операция тез арада жасалышы керек деп, улуттук госпиталда 1000 долларга бет жаакка пластик салышты. Эми үчүнчү операцияда пластикти алышат экен. Анан төртүнчү операцияда көзүмдү жасашып, ичине стенка салышат. Бешинчи операцияда мээме операция жасалары күтүлүүдө. Учурда экинчи операциядан кийин бир аз басып калдым. Бирок сол колум иштебейт. Оң жак көзүм көрбөйт, оң жамбашым чыгып кеткен, орутуп жатат. Ошонун айынан жакшы баса албай жатам. Оозумдун баары пластик болуп, жакшы сүйлөй албайм. Мурдум да пластик, жакшы дем ала албайм. Апрель айында балама да операция жасалышы керек.

Жолдошум бирөөнүн унаасын айдап иштейт эле. Ооруканада 3 ай мени карап, иштей албай калгандыктан элден жардам сураганга аргасызмын», — деп сөзүн жыйынтыктады Жайлообай кызы Айгерим.

Жардам берүү үчүн:

Элкарт: 9417379449652029 (Жайлообай кызы Айгерим)

О!Деньги: 0709 60 06 09

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE