Пример HTML-страницы

10 кармалып, иликтөө жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-августта Жалал-Абад шаарында топ балдардын урушкандыгы жөнүндө маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ саат 03.30 чамаларда Жалал-Абад ШИИБдин 102 кызматына телефон чалуу болуп, анда «Көк-Арт кичи шаарчасынын Р. Азимов көчөсүндө жаш балдар топтолуп мушташып жатышат» деген кабар келген. Бул маалымат боюнча тергөө тобу жана түнкү кайгулдоо тобу окуя болгон жерге барышкан. Бирок окуяга тиешеси бар делген шек жараткан эч ким табылган эмес.

Бул маалымат боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуяга юридикалык баа берүү максатында Жалал-Абад ШИИБдин Маалыматтарды кааттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Кийинчерээк 10 баланы кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE