Пример HTML-страницы

Өзгөндө кайын журту видеого тартып алган келин элдин көңүлүн буруп жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushТик-Ток социалдык тармагында камырды үбөлүк менен эмес, колу менен айланта жайган келиндин видеосу 3 миллионго чукул көрүүчү топтоп, интернет колдонуучулары арасында атагы чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы үйүнүн ашканасында жылдызы жанган келин менен маек курду.

Учурда Таңсулуу Ботобаева 21 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылындагы жигитке турмушка чыккан. Келиндик кызматын аткарып, кайын журту менен чогуу жашайт. Бир кыздын апасы.

Анын камырды 30 секундда колу менен жайып койгону көпчүлүк кыз-келиндердин кызыгуусун арттырган. Ушундан улам эки жолу мастер-класс өткөргөн. Мындай ыкманы ал Россияда лаваш жасаган жерде иштеп жүрүп, өздөштүргөнүн айтат.

«Россияга иштегени 16 жашымда кеткем. Ал жакта апам армяндардын лавашын жасаган жерде иштечү. Сиңдим экөөбүз барып, майда-чүйдө иштерин, камырын жасап жардамдашып жүргөн элек. 2 айдан кийин камыр жайганды үйрөндүм. Бирок башында менин жайганым окшочу эмес. Ошентип жүрүп дээрлик 1 жылдан кийин камыр жаюучу болуп ишке кирдим. Анда жалпы 3 жыл иштеп жүрүп, убакыт-сааты келип, турмушка чыгып кеттим.

Негизи мен социалдык тармактарга анча деле кызыкпайм. Буга чейин жолдошум чогуу түшкөн видеолорубузду Тик-Токко жүктөп жүргөн. Бир күнү үйгө коноктор келип калды. Алардын алдында колум менен камыр жайганымды видеого тартып жатышкан, көңүл деле бурган эмесмин. Ошол видео элге тарап кетип, кызыккандар көбөйүп кетти. Андан соң менин да кызыгуум артып, Тик-Токто активдүүлүгүмдү көрсөтө баштадым. Алгачкы видео 3 миллион көрүү топтосо, кийинки видеом 1,5 миллион көрүү жыйнаптыр», — деди ал.

Каарманыбыз камыр тамак бышырган күнү гана видеого тартып койбосо, атайын видео үчүн камыр жасабайт. Камырды жыртпай, тегиз айлантып жасоонун сыры камырды ийлөөдө экенин айтат.

«Камырды муздак сууга жууруп, үстүн бир аз майлап, желим баштык менен жаап, тыныктырып коюу керек. Ошондо камыр жыртылбай, тегиз жайылат. Эгер май сүйкөбөсө деле жакшылап ийлөө керек. Азыр үйрөт дегендер көбөйүп кетти. Алардан сыр кылып жашырбайм деле, болушунча комментарий жазгандарга жооп бергенге аракет кылам. Келечекте ашкана ачайын деген ой-максаттарым бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE