Пример HTML-страницы

Жумгалдын Чаек айылындагы негизги жол — Эркинбек Матыев көчөсү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы негизги көчө Эркинбек Матыев деп аталат. Көчөдө көрктү ачкан курулуштар деле жок. Союз убагынан калган имараттар чекесинен менчиктештирилип отуруп, соода-сатык, бизнес жайларына айланган.

Ошондой эле, борбордук көчөдө жайгашкан турак жайлардын көбү эски жана талкаланып, кебетеси кетип калган. Огороддору тосулбай, айланасы каралбай, кыскасы көчөдө көрк жок.

Аймактык кабарчы белгилегендей, унаа токтоочу жайдын жоктугунан көчөнүн эки капталы автоунаага толгон.

Мындан тышкары борбордук бөлүк иреттелбей, коомдук даараткана салынбай келет.

Чаекте 12 миңден ашык калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE