Пример HTML-страницы

Жолдошу менен ажырашкысы келген, уурдамайынча тура албаган адамдарга жардам берген Астра Дүйшеева

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эне жана балдарга Астра Дүйшеева 3 айдан бери психологиялык жана логопедиялык жардам берип жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Астра Дүйшеева 1988-жылы 16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринен орус тил жана адабият сабагынан мугалим адистигине билим алган. 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жашаган жигитке турмушка чыккан. Коронавирус пандемиясында психолог адистигине (онлайн режимде) билим алган.

«Мен бул адистикке өзүмдүн көйгөйүм (боль) менен келдим десем болот. Биринчи уулду болгондо, анын тили чыкпай жатты. Көпчүлүк энелердей эле мен да сарсанаа болуп, «Коркуп калдыбы?» деп молдого, дарыгерлерге алып бардым. Анан психолог, логопеддер иштеш керек экендигин айтышты. Бишкек шаарына алып барсам, «Бир курсу 17 миң сом» дешти. Бирок бир курс менен бала сүйлөп кете алабы? Бул суроого жооп берүү кыйын эле. Анан пандемия башталды. Балам үчүн түрк мамлекетинин окуу жайларына онлайн тапшырып, ошол жактан билим алдым. Акыркы эки жылда бул илимди изилдеп, терең билим алууга аракет кылдым. Анан алгач уулума жардам бере баштадым. Балам 5 жашында сүйлөдү. Бул беш жылда эне катары ар нерселерди ойлоп, сарсанаага баттым. Баламда жылыш боло баштаганда, тааныштарга кеңеш берип, аларга жардам бере баштадым.

Жолдошум да билим берүү тармагында иштейт. Ал жумушу боюнча өлкөнү кыдырат. Мен да аны менен бирге Каракол шаарына келгем. 3 ай аралыгында 30 бала, 45 энеге жардам бере алдым», — деди ал.

Астрага көбүнчө тили кеч чыккан, кекеч, психологиялык жабыр тарткан балдар кайрылат. Анын айтмында, балага жардам берүү үчүн алгач энелер өздөрүн өнүктүрүү керек.

«Энелер психологиялык жактан сабаттуу болушу керек. Балада кандайдыр бир көйгөй болгондо, ага жардам бере алыш үчүн алгач өзүбүздү өнүктүрүүдөн башташыбыз керек. Мен башымдан өткөндүктөн энелерди жакшы түшүнөм. Абдан сарсанаа батып, өздөрүн ичинен жеп башташат. Кээде баланын тили так болбой кекечтенип жатса, эркелеп жатат окшойт деп урушуп жиберишет. Бул урушуу сөздөрү баланын алдыга жылышына эмес, артка чегинишине түрткү болот. Ошондуктан бизге кайрылган сүйлөөдө көйгөйү бар балдардын өзүнө гана эмес, энесине да жардам беребиз. Анткени бала менен логопед, психолог бир саат гана иштеп, үйгө жиберет. Ал эми үйдө баягы эле эне. Энесинин жардамысыз балада жылыш болбойт», — деди ал.

Каарманыбыз балдардын тилиндеги көйгөй көбүнчө туура эмес дем алуудан болорун айтат.

«Баланын туура дем алуусу абдан маанилүү. Ал туура эмес дем алганда ооз көңдөйү деформация болуп, тамгаларды айта албай калат. Эгер балада кандайдыр бир көйгөй бар экендиги байкалса, аны дарыгерге алып баруу абзел. Эгер медициналык жактан саламаттыгы жакшы болсо, логопед психологдор иш алып барат. Тили чыкпай же кекеч болуп жаткан балдардын энелери бала агрессивдүү болуп жаткандыгын көп айтышат. Бул да психология. Мисалы, сиз бир нерсени түшүндүрө албай жатсаңыз, же сиз айтканды экинчи тарап түшүнбөй жатса, албетте жинденип кетесиз. Бала да ошол сыяктуу канчалык түшүнүксүз сүйлөп жатса, ошончолук жинденип, анда агрессия пайда болот. Бала менен алгач адис сүйлөшүп, текшерип, көз электен өткөрүп, дарылоо жолун сунуштайт», — деди ал.

Башкысы түшүнүү, туура мамиле кылуу, баланы урушуп, сокпой тарбия берүү менен эне балага жардам бере аларын айтат.

«Өспүрүм бала келди. Ал клептомания (уурдоого каршы тургус каалоо менен мүнөздөлгөн оору) менен жабыркайт экен. Дайым бир нерсени уурдап алгысы келе берет. Ушундан улам анын өзүнө болгон ишеними да начарлап, жаркын келечек жөнүндө ойлонбой калган экен. Аны менен көпкө иштеп, психологиялык жардам бердим. Акыры балада келечекке болгон ишенич пайда болду. Азыр ал бир кесипке ээ болуу үчүн билим алып жатат. Учурда алдыга так жана туура максаттары коюп калды. Уурулукту да токтоткондугун анын үй-бүлөсү кубануу менен айтууда», — деди ал.

Айрым адамдар көп жыл күйүт менен жашап, терең депрессияга кабылып калышарын айтып берди.

«Ар кандай маселелер менен кайрылышат. Мага 70 жаштагы энени алып келишти. Ал 30 жашында ата-энесинен бир убакта ажырап, күйүт менен жүрө берип, терең депрессияга кабылган. Негизи терең депрессия болгон адамдарды даарылоо көп убакытты талап кылат. Алар өзүн программалап алган. «Ой мен эмне үчүн күлүп жатам? Атам-энем каза болуп калбады беле?» деп өзүн жемелешет. Алар «мен күлбөшум керек. Кубанып, сүйүнгөнгө болбойт» деп ойлошот. Эгер ал жакшы маанай менен жүрсө, каза болгон жакынын сатып кеткендей ойлошот. Мындай учурда психологго көп жолу, жылдап келүү керек.

Бир келин жолдошун башка менен жүрөт деп эсептеп, өз оюна өзү ишенип алган. Адам өз оозунан чыккан сөздү, өз кулагы менен угуп, ага ишенип алат. Анан ажырашууну чечет. Ал келин бизге кайрылганда, «Күйөөңүз башка аялга кетип калгандыгын өз көзүңүз менен көрдүңүзбү же бирөөлөр айтыштыбы?» деп суроо узатсак, жооп берген жок. Ал ажырашуу тууралуу бир да кеп козгогон эмес, өзү кетем деп жатат. Алгач ал жолдошунун ар бир баскан-турганын аңдып, ага келген телефон чалуулардын баары башка бир айымдан келип жатат деген ойго бөлөнүп алган. Анан жеке берилген кеңештердин кийин ал үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүн болду. Бизге келгенден кийин жашоосу түп тамыры менен өзгөрүп, жолдошу экөө сый мамиледе болуп, өз ара ынтымактуу жашап калышкан», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE