Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө түн ичинде мектептин директорунун орун басары сабалган. 5 окуучу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда денесинен жаракат алган адам ооруканага түштү.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19 июнь күнү Жети-Өгүз РИИБге телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат келген. Тергөө ыкчам тобу барып, ордунан териштирүүдө Саруу айылынын 1997-жылы туулган тургуну О.У. арыз менен кайрылган. Арызында 19-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулуры сабап кеткендиги жөнүндө билдирген. Анын кесепетинен О.У. алган дене жаракатынан Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чарасын жүргүзүү учурунда Саруу айылынын 2005-жылы туулган тургундары А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу балдар аныкталып, кармалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ал эми Саруу айылынын тургундарынын айтымында, сабалган жигит директордун тарбия иштери боюнча орун басары.

«Мугалимге кол көтөргөн кандай жорук, кандай жаштар өсүп жатат? Ал мугалим мектепте директордун орун басары болуп эмгектенип келет. Үйүнөн чакырып чыгып, тепкиге алып, анан темир менен сабаганы кандай жорук? Таң калып жатабыз, эмнеге мындай болуш керек? Мугалим тарбия берет, кол көтөргөн уят нерсе. Азыр ооруканада дарыланып жатат, мындай окуучуларга чара көрүлүшү керек деп ойлойбуз», — дейт айыл тургундары.

Болжолдуу маалымат боюнча, окуучу балдар көрүстөндүн аймагындагы темирлерди чыгарып алганын директордун тарбия иштери боюнча орун басары көрүп калган. Ал окуучуларды тилдеп, андан кийин алар түндө мугалимди үйүнөн чакырып чыгып, ур-тепкиге алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE