Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда кардар издеп барган тургундун 2,7 млн сомун карактап кетишкен. Жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushИчки иштер министрлиги Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн кылмыштуу топтун 5 мүчөсүнүн кармалышы тууралуу толук маалымат таратты.

2023-жылдын май айынын аягында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда саат 21:30 чамасында 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 5 белгисиз адам жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, ири суммадагы акчаны ээлеп алып, изин жашырып кетишкен. Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну болгон. Ага кол салгандар физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, кекиртегине бычак такап, сумкасын алып кетишкен. Анын ичинде 2 миллион 715 миң сомдон ашык акча болгон. Кол салгандар «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен болушкан.

Бул факты боюнча Сузак РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш иликтөө кызматкерлеринин тынымсыз аракетинин натыйжасында жогорудагы кылмыштын бети ачылды. Иликтөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери да тартылган. Ыкчам кызматкерлер бул иштин бетин ачууга жардам бере турган ар бир кыймыл-аракетке көңүл бурушкан. Көп өтпөй ыкчам кызматкерлер эң маанилүү маалымат алып, кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Шектүүлөрдү кармоо Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлүп, кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды.

Кармалган жарандардын төртөө мурда соттолгондор:

— 1996-жылы туулган А.Н., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну, мурда уурулук боюнча соттолгон;

— 2001-жылы туулган К.А., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;

— 2001-жылы туулган А.уулу Б., Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, мурда соттолгон, учурда жатак абагында жазасын өтөп жатат.

— 1997-жылы туулган М.А. (аты-жөнү Б.Э.), Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган, мурда соттолгон, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

— 1999-жылы туулган С.А., Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган, мурда уурулук боюнча соттолгон.

Кармалгандардын бири соттолуп, жатак абагында жазасын өтөп жатканы аныкталган. Кылмыштуу топтун дагы бир кармалган мүчөсү алдамчылык фактысы боюнча 2021-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Маалым болгондой, кол салгандар жогорудагы кылмыш ишин жасоо үчүн унааны оңдоочу жайга калтырып, башка бирөөнүн унаасын колдонушкан. Шектүүлөр накталай акча менен иштегендерге басым жасап, ар кандай айла-амалдарды колдонуп келишкен.

«Жогоруда көрсөтүлгөн жабырлануучу башында телефон аркылуу сүйлөшүп, алмаштыруу үчүн 2 миллион 715 миң сомдон ашык акчаны айтылган дарекке алып келген. Ошол эле учурда ал жалгыз болгон, бирок аны кардарлар эмес, кылмышкерлердин тобу күтүп жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Алар карактоо менен тартып алган акчанын бир бөлүгүн кийим-кечеге, батир акысына жана башкаларга пайдаланышкан.

Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөрдүн бардыгы камакта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE