Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда эс алып жаткан тургундар сууга калкып калган жансыз дене тапкан. Ал ким экени белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда Нарын дарыясынан 46 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя, кечээ 18-июнда болгон.

«Күн катуу ысыгандыктан биз Нарын дарыясынын жээгиндеги «Бочок» эс алуу жайына барганбыз. Сууга түшүп, эс алып жатканбыз. Биз сыяктуу эс алуучулар көп эле, бир учурда сууда белгисиз аял кишинин жансыз денеси калкып турганын айтып, адамдар ызы-чуу салышты. Барып карасак, 50 жаштардагы аял киши экен. Чын эле анын жансыз денеси суу бетине калкып, чыгып калыптыр. Бир учурда милиция кызматкерлери келип, эс алуучу жайдын кызматкерлери сөөктү милицияга өткөрүп беришти. Алар жансыз денени Ноокен аймактык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына алып кеткени айтылды», — деди тургундардын бири.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, бул факт боюнча экспертиза дайындалды.

«2023-жылдын 18-июнунда саат 16:10 чамасында Нарын дарыясынын Ноокен районунун аймагынан агып өткөн бөлүгүндөгү жээгинен 30-40 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Бул окуя Ноокен милициясы тарабынан «табылган өлүк» болуп катталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал Баткен облусунун Лейлек районунун 1977-жылы туулган тургуну экени жана психикалык каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда териштирүү иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында сууга чөгүп каза болгон 6 учур катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE