Пример HTML-страницы

Жалал-Абад милициясынын жаңы башчысы менен орун басары өздүк курамга тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп дайындалган милициянын полковниги Марлис Асанов жана ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары, милициянын подполковниги Сагынбек Асанбеков өздүк курамга тааныштырылды.

Жаӊыдан дайындалган жетекчилерди ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов тааныштырды.

Марлис Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп жаткан. Ал эми милициянын подполковниги Сагынбек Асанов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында кызмат өтөгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин мурунку башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE