Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү 10 кесиптештин мончодогу эс алуусу биринин өлүм менен аяктады. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкеринин өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты.

Айыпталуучу 1987-жылы туулган Дамир [аты-жөнү өзгөртүлдү Б.Д.К.], жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, үч жашы жете элек баласы бар. Окуяга чейин ал Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 5-сентябрында болжол менен саат 19:00 чамасында Дамир 9 кесиптеши менен Чолпон-Ата шаарындагы «Викент» мончосунан жолугуп калышкан [сөз «У Рыбака» кафесинин жанында жайгашкан кичи пансионат жөнүндө болушу мүмкүн]. Эс алып жатып, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Бир нече убакыттан кийин Карим [аты-жөнү өзгөртүлдү К.У.К.] менен Дамирдин ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Кесиптештери кийлигишип, жаңжалдын катышуучуларын тынчтандырышкан.

Саат 00:00 чамасында эки салык кызматкери Дамирди «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаасына отургузуп, үйүнө алып кетишкен. Түнкү саат 01:00 чамасында Карим эки кесиптеши менен Бактуу-Дөлөнөтү айылында жашаган Дамирдин үйүнө келишкен. Карим дарбазаны каккылай баштаган.

Кыйкырыктарды уккан Дамир эшикке карай чыгууга бет алган. Жолдо баратып, терезесинин текчесинде жаткан бычакты алган. Андан соң алар Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы Шамбетов жана Ынтымак көчөлөрүнүн кесилишине келишкен. Ошол жерден алардын ортосунда кайрадан мушташ чыгып, анын жүрүшүндө Карим бычакталган.

Анын кесиптештери бычактан алган жаракаты менен 1988-жылы туулган Каримди Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабай, ал эсине келбей каза тапкан.

Соттун жүрүшүндө жаңжал Карим Дамирди арак ичүүгө мажбурлай баштагандан кийин башталганы, бирок ал ичүүдөн баш тартканы белгилүү болгон.

  • 2023-жылдын 17-мартында Ысык-Көл райондук соту Дамирди Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (аффект абалында адам өлтүрүү) 1-бөлүмүнүн негизинде (жабырлануучу тарабынан укукка жат зордук-зомбулуктан же мазактоодон, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ага тете жабырлануучунун укукка каршы аракеттеринен улам, узакка созулган психикалык травма кылуучу жагдайдан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) жасалган адам өлтүрүү) күнөөлүү деп тапкан. Натыйжада ал жазаны жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Ошол эле учурда сот ага карата 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуп, абак жазасын өтөөдөн бошотту.

2023-жылдын 12-июлунда Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырган.

Буга чейин Turmush басылмасы Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл районундагы кызматкерлери чатакташып, бири бычактан алган жаракатынан улам ооруканада көз жумгандыгын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE