Пример HTML-страницы

Turmush: «Энеси уулунун сөөгүн жарым саат бою кучактап отурду»: Сокулуктагы кырсыктын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунун Новопавловка айылында жаш баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымына караганда, өспүрүм бала кырсык болгон жерде көз жумган.

«Жерине тез жардам кызматынын унаасы келди. Бирок эмнегедир сөөктү алып кетишкен жок. “Аны өлүкканынын унаасы келип алып кетет” дешти. Энеси жарым саат бою кырсык болгон жерде уулун кучактап отурду», — дешти алар.

Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы кырсыкты тастыктап, окуя териштирилип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 8-чакырымынан “ЖЧК АЙМЭ” ишканасына караштуу Бишкек—Кара-Балта маршруттук каттамында жүргөн “Мерседес-Бенц Спринтер 313” үлгүсүндөгү унаасы жөө өтмөктөн чуркап чыга калган 2015-жылы туулган А.А.А.ны сүзүп алган.

Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болуп калган.

Азыркы тапта Сокулук РИИБи жана ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE