Пример HTML-страницы

Turmush: «Айына эң аз дегенде 70 миң сом табам»: Ысык-көлдүк Чынара Эрнисованын ийгиликтери

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын 33 жаштагы тургуну Чынара Эрнисова студент кезде үйрөнгөн кол өнөрчүлүктүн аркасында акча каражатын таап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин экономика бөлүмүнө тапшырдым. Студент кезде сабактан кийин кошумча акча табууну көздөп, тигүү цехтерине барып иштечүмүн. Ал жактан белгилүү дизайнерлерден тажрыйба алып, жүндөн пано, моюн орогуч жана көйнөктөрдү жасаганды үйрөндүм», — деди ал.

Каарманыбыз учурда жасаган буюмдарын Казакстан жана Америкага экспорттойт.

«Мен өз кесибим менен иштеген жокмун. Турмуш жолуна аттанып, 2 кыздуу болдум. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Мисалы, моюн орогучту 1000 сомдон 5000 сомго чейин баалайм. Жасаган буюмумду интернет аркылуу сатам. Ал эми Казакстан жана Америкага биздикинен 3 эсе кымбат сатам. Америкадан мекендешибиз байланышып, моюн орогуч буюртма берип калды. Алардын ал жакта дүкөнү бар экен. Ошол жакка коюп сатып көрүштү. Анан кызыгуу чоң болгондуктан үзгүлтүксүз буюртма берет. Кышында жакшы табам. Жай мезгилинде буюртма азаят. Бир айда эң аз тапканым 70 миң сом киреше болгон», — дейт ууз айым.

Чынара айым кол өнөрчүлүктөн тапкан кирешесин чакан бизнес ачууга да жетишкендигин кошумчалады.

«Бишкекте коомдук тамактануучу жайыбыз бар. Караколдо тигүү цехин ачтык. Жалпы 12 адамды жумуш менен камсыздайбыз. Ал эми жүн менен иштөө боюнча да кыз-келиндер үйрөнүүгө көп кайрылышат. Моюн орогучтарды жасоодо кол өнөрчү эле болуу жетишсиз. Ал жакта чыгармачылык менен оюуларды жана ар кандай көз жоосун алган көрүнүштөрдү түшүрүү керек. Ошол себептүү бул ишти өздөштүргөндөр чанда. Мен келечекте жүндү кайра иштетүү цехин да ачууну пландап жүрөм», — деди Ч. Эрнисова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE