Пример HTML-страницы

Таласта чет өлкөдөн 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүп жаткан адам кармалды

Акыркы жанылыктар

Turmush5-январда Талас облусунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Талас облустук башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Талас районунун чек арадагы Көпүрө-Базар айылынын Чоң-Кыя аймагында УКМК кызматкерлери менен чек арачылар Т.Р.Э. аттуу адамды кармашкан. Ал Казакстандан Кыргызстандын аймагында контрабандалык жол менен 50 баш бодо малды алып өтүүгө аракет кылган. Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE