Пример HTML-страницы

Таласта 11-классты бүтүргөндөргө аттестат тапшыруудан башка иш-чаралар уюштурулбайт

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда 11-классты бүтүргөндөргө аттестат тапшыруудан башка иш-чаралар уюштурулбайт. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү бөлүмү билдирди.

«Бүгүн, 7-июль күнү Талас облусу боюнча баардык мектептерде 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи өтүүдө. Талас облусу боюнча 2890 окуучу 11-классты аяктап жатат. Майрамдык иш-чарада аттестат тапшырылып, андан кийин эч кандай иш-чара өтпөйт. Анткени тыюу салынган. Милиция кызматкерлери, социалдык кызматкер, мугалимдер көзөмөл жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE