Пример HTML-страницы

Таласка конокко келгендерди «кыйнаган» келин

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта келин алууда кандай салттар сакталып калган? Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан маалымат алды.

Бакай-Ата районунун тургуну Аңыракаева Шайбүбү апа өпкө чабуу салты тууралуу айтып берди.

«Өпкө чапкан өпкө кагуу деп айтылат. Биз кичинебизде жаңы үйлөнгөн жуптарга, катуу ооруп ооруканадан келген адамга, алыскы сапардан келген адамга, аскерден келген балага өпкө какканды көрчү элек. Жаңы келин келгенде, жаңы баш кошуп жаткан жаштарды отургузуп алып өпкө чабат. Башка учурларда түлөө тосор алдында эчкини курмандыкка чалып, союп жаткан маалда, өпкөсүн сууруп чыгып эле чабат эле.

Илгери «койдуку, кара малдыкы болбойт» дечү эле. Ошон үчүн Таласта эчкинин өпкөсүн жебейт. Ошол өпкө менен жамандыктын баары кетсин, эки жаш өнүп-өссүн, балалуу-чакалуу болуп көбөйсүн деген тилек менен, оору-сыркоо жолобосун деген ниетте өпкө кагат», — деди ал.

Тилек Эркалиев Бакай-Ата жана Кара Буура райондорунда келин келген учурда колдонулган салттар боюнча маалымат берди.

«Келин алууда бир канча салттар колдонулат. Кээ бир салттар бир областа болсо, биринде жок же болбосо аттары башкача айтылат. Мисалы Таласта тердетмей, мүчө салуу деген салт дагы эле бар.

Тердетмей дегенде тойго келген конокторду антрак маалында атайын бир бөлмөгө тердетүү үчүн кигизип, ысык самоордон чай куюп узата берет. Ичип бүткөн соң чыныны бош эмес, ичине акча салып узатуу керек. Чай куйган келин ыраазы болсо токтотуп коёт. Билип, түшүнгөн адам берчүсүн бир чыны чайын ичип берип чыгат. Билбеген, түшүнбөгөн, мындай салтты укпаган коноктор ичип отура берет. «Жок, ичтик рахмат» дегенине карабай куюп узата берет. «Куданы такыр тердете албай араң тердетип чыгардык» деп тамашалаган учурлар бар. Кээ бир учурда жалпы бир бөлмөдө отурган конокторду атайын бир самоор чайды киргизип, «конокторду тердетели деп келдик» деп чай узатып буйруган акчасын алып чыгып кетишет.

Мүчө салмай бул Таластын Кара-Буура, Манас районунда кездешет. Айрым айылдарында келин алган тарап келининин калыңын алып барып берген маалда кыздын төркүн жагы алып барган калыңга ыраазы болбосо жетилеп, тогуздап мүчө салат. Бул ар бир жандыктан жетиден, тогуздан алып келесин деген сөз. (7 же 9 кара мал алып кел дегени).

Чыгданга киргизүү бул баары колдонбосо да көп жер колдонот. Эт бышырып конокторго тартылчу эт турган бөлмөгө куда тараптан улуу кишилерин алып барып, кичине кара кесек эт, жал куйрук майынан ооз тийгизип, алчусун алып узатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE