Пример HTML-страницы

Талас районунда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк оорулар күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-май күнү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк оорулар күнүнө карата Талас райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын (гипертония, инфарк, инсульт) алдын алуу максатында ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адистери тарабынан 18 жаштан жогору жарандардын кан басымы өлчөнүп, ооруну алдын алуу тууралуу маалыматтар берилди.

Гипертония — кан басымдын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу. Ал өтө кеңири тараган оорулардын бири жана Кыргызстандагы жалпы өлүмдөрдүн 50 пайызын түзүп келет. Андыктан 18 жаштан жогору ар бир жаран өз кан басымын жылына бир жолу өлчөтүп туруусу зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE