Пример HTML-страницы

Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу жаралды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда акыркы үч күндөн бери аба ырайы ысык болгонуна байланыштуу Түп суусунун деңгээли бир кыйла көтөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, учурда Арал айыл аймагынын тушундагы каналдын жээгин суу жеп, айыл чарба жерлерин жана бир нече жашоочунун чарбасын суу каптоо коркунучунда турат. Каналдын жээгин бекемдөөгө азырынча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн техника тартыла элек.

«Түп суусу жакынкы 10 жылдан бери болуп көрбөгөндөй деңгээли көтөрүлдү. Эгер алдыда Түп суусунун агымы дагы көбөйсө, айдоо аянттарды сел жууп кетүү коркунучунда турат», — дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE