Пример HTML-страницы

Түп суусуна май канаттын 1,5 млн даана чабагы, жилингирдин 70 миӊ даана чабагы коё берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда май канат (сига) балыгынын 1,5 млн даана чабагы, жилингир (форель) балыгынын 70 миӊ даана чабагы Түп жана Жыргалаӊ суусунун боюна коё берилди. Бул тууралуу кооперативдин жетекчиси Асан Жапаев билдирди.

«Биздин жамаат акыркы 10 жылдан бери балыктын уруктарын алып, жасалма ыкма менен циркуляция кылып, чарбабызда чабак өстүрүп келе жатабыз.

Жакында эле май канат (сига) балыгынын 1,5 млн даана чабагын, жилингир (форель) балыгынын 70 миӊ даана чабагын Түп жана Жыргалаӊ суусунун боюна коё бердик. Жылдагыга салыштырмалуу Ысык-Көлдө балыктын кору көбөйө баштаганы байкалууда.

Буюрса, май айында каңылтыр (карп, сазан) балыгынын 1 миллионго жакын чабагын сууга коё берүүнү пландап жатабыз. Тилекке каршы, азыркы жайгашкан тилкебизде суу тартыш болуп, циркуляция жакшы жүрбөй, 2 жыл аралыгында 300 миӊдей малёкту (балыктын уругунан жаңыдан эле чыккан майда чабак) өлтүрүп алып, зыянга учурадык. Жакынкы арада 2,5 гектар жер маселеси чечилип берилсе, бассейндин санын көбөйтүп, талапка ылайык иш алып барат элек», — дейт А.Жапаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE