Пример HTML-страницы

Түндө Баткенде жол жээкте отурган адам каза тапкан. Жаш жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-январга караган түнү саат 03:00 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Кызыл-Кыя—Кулатов унаа жолунун 1-чакырымында Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын 1975-жылы туулган тургуну К.К.А. жол жээгинде отурган кезде белгисиз унаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Анын кесепетинен жөө адам окуя болгон жерде каза болгон.

Айдоочуну кармоо үчүн «Тосмо» иш-чарасы киргизилип, анын негизинде Кадамжай РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Ford Focus» үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун тургуну — 2002-жылы туулган тургуну К.у.М кармалды.

Автоунаа убактылуу айып коргоого киргизилип, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE