Пример HTML-страницы

Сузактыктар түн ичинде күтпөгөн окуяга туш болушуп, дүрбөлөңгө түшүп жатышат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда мал уурдоого шектүү адамдарды айыл тургундары кармап, милицияга өткөрүп беришти. Элет тургундары жоголгон малдарды ээлерине кайтарып берүү жана мыйзам чегинде жазасын алуу талабын коюп жатышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Сузак районуна караштуу Жоон-Күнгөй айылынын 3 тургуну «Хундай Портер» унаасына 5 баш бодо мал уурдап, качып баратышкан жеринен айылдаштары кармашкан.

Алар 4-октябрга караган түнү Ош—Бишкек жолунда кармалышкан. Малын жоготкон Жоон-Күңгөй айылынын 10го чукул тургундуне бири Актан Сатыбалдиев окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«20-сентябрь күнү кечинде уурулар сарайымдын кашасын бузуп кирип, короодо байланып турган 1 баш бодо малды алып чыгып кетишкен. Ошол бойдон малдын дайынын таппай калдык. Мага окшоп малын жоготкондор көбөйдү. Биздин айылда бир ай ичинде 15ке жакын тургун мал жандыгын жоготту. Тынымсыз мал жандыктын жоголуусунан улам аргабыз кетип, айыл тургундары түнкүсүн кезектешип айылга кирип чыккан унааларды кароого өттүк. 4-октябрга караган түнү айылда шек жараткан “Хундай Портер” унаасын көрүп, анын артынан аңдып түштүк. Ошол түнү биздин айылга кошуна Саты айылынан 5 баш малды жүктөп бара жатышканда алардын артынан кууп барып, Ош—Бишкек унаа жолунан үчөөсүн кармап келдик. Мал уурдагандардын үчөөсү тең өзүбуздүн айылдаштар экен. Уурулукка шектелип жаткан жарандарды айыл эли өзүбүз кармап, милицияга өткөрүп бердик. Эми айыл эли малды уурдаган шектүүлөр өз жазасын алсын деген талапты коюп жатабыз», — деди айыл тургуну Актан Сатыбалдиев.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ушул тапта соттук териштирүү жүрүп жатканын белгиледи.

«4-октябрь күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн маалыматка ылайык, тергөө тобу райондук Курманбек айыл аймагына караган Жоон-Күңгөй айылына барган. Ошол учурда “Хундай Портер” унаасына 3 баш бодо мал жана 2 баш торпокту мыйзамсыз алып бара жаткан 3 тургун эл тарабынан кармалганы аныкталган. Ал боюнча тергөө ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү кылмыштардын бирдиктүү рээстрине катталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон. Алгачкы текшерүүдө маалым болгондой, уурдалган уйлардын бири Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылынын тургуну, экинчиси Сузак районунун Саты айылынын тургунуна таандык экени такталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул боюнча кылмышка шектүүлөр малды уурдап бара жатканы аныкталып, 4-октябрь күнү Жазык процесуалдык кодексине ылайык, 2 суткага же 48 саатка камакка алынып, тергөө иштери башталган. 6-октябрь күнү соттук иштин жүрүшүндө шектүүлөрдүн үстүнөн баш коргоо чарасын көрүү үчүн соттук териштирүү жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык тармакта дал ушул айылдагы уурулук боюнча кармалгандардын видеосу тараган. Анда «Хундай Портер» унаасына шектүүлөрдүн колдорун байлап, кармагандардын суроо-жооп жасап жаткандарын көрүүгө болот. Буга чейин ушундай эле учур Ноокен районунда орун алып, айыл эли мал уурдаган шектүүлөрдү өздөрү кармашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE