Пример HTML-страницы

Сузактагы жүгөрү талаасында 13 жаштагы кыздын бир буту үзүлүп калды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунда 13 жаштагы кыздын бир бутунан жабыркады. Окуя 23-август күнү кечке жуук орун алган. Мындай маалыматты айыл тургундары да ырастады.

Алардын айтымында, анын бутун чөп оруп жаткан трактор кесип кеткен.

«13 жаштагы Динара ата-энеси менен бирге талаада бышкан жүгөрүнүн башын кайрып жаткан. Аларга жакын жерде чөп оргон трактор (косилка) жүгөрүнү оруп жаткан. Трактордун чалгысы капысынан жүгөрү менен бирге Динаранын да бутун оруп кетиптир», — деди атын атагысы келбеген айыл тургуну.

Ал эми Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлбарчын Рахманова бул окуяны ырастап, ушул тапта өспүрүм кызга операция жасалганын айтты.

«23-август күнү биздин бейтапканага Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну — 13 жаштагы кызды алып келишти. Буту согончогу тараптан үзүлүп кеткен экен. Эмне болгонун сурасак, талаада жүгөрү кайрып жатып, чөп оргон техниканын чалгысы оруп кетиптир. Окуя кечке жуук жети чамасында орун алса, кызды кечирээк алып келишкен.

Ал эми үзүлүп калган бутун кутуга салып, анын үстүнө балмуздак салып, муздатып жеткирип беришти. Биз травматолог, хирургдарды, Ош облусунан микрохирургдарды чакырып, үзүлгөн бутту кайрадан улап, операция жасадык.

Кечээ бейтапты кароодон өткөрүп, таманына ийне сайып текшердик. Бирок сезбей жатат. Азырынча чечим чыгаруу эрте. Үзүлгөн кан тамырлар, нерв системалары калыбына келгенче, күтүү керек», — деди Г.Рахманова.

Мындан сырткары, ал буга чейин медицинада дене мүчөнү улап жасоо боюнча бир нече операциялар ийгиликтүү болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE