Пример HTML-страницы

Супер кубокто Оштун «Алай» командасы Канттын «Абдыш-Ата» командасын утуп алды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-март күнү Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда жергиликтүү «Алай» клубу менен Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) супер кубогунда ат салышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, оюндун 1-бөлүгүндө тараптар эч бир кооптуу учурду жарата алышкан жок. Оюндун 2-бөлүгүнүн экинчи жарымында командалар бири-бирине кооптуу чабуулдарды жаратып жатышты. Бирок эсеп ачылган жок. Көп өтпөй, «Алай» клубунун кезектеги чабуулу кооптуу болуп, 99-номурдагы чабуулчу Ырыскелди Артыкбаев алгачкы голду жаратты.

Оюндун калган мүнөттөрүндө «Абдыш-Ата» командасынын оюнчулары активдүү чабуулдарга өткөнү менен каршылашынын дарбазасына гол киргизе алышкан жок. Натыйжада 1:0 эсеби менен «Алай» клубунун футболчулары жеңишти камсыздашты.

2021-2022-жылкы сезонду «Алай» клубу 2-орун менен жыйынтаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE